• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гүлнара Каримованын эс алуу жайы сатыкка даярдалууда

29 Кулжа 2020 16:31 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусуна караштуу Бостанлык районунда Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага тиешелүү «Сижак» эс алуу жайы сатууга даярдалууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигине шилтеме берүү менен билдиришти.

Агенттиктин маалыматына караганда, эс алуу жайы ачык аукциондун негизинде сатылат.

Комплекстин жалпы аянты 5,38 гектарды түзөт. Учурда аны менчиктештирүү иштери жүрүүдө.

Эс алуу жайында мейманкана, спорттук аянтчалар, үч бассейн, эки оргума, коттедж, амфитеатр бар.

«Сижак» эс алуу жайы 2017-жылы февралда Ташкент облустук сотунун чечими менен камакка коюлган. Ал 2019-жылы Өзбекстандын азыркы президентинин кенже күйөө баласы жетектеген Триатлон федерациясына өткөрүлүп берилген. «Сижакта» триатлон боюнча улуттук курама команданын окуу-машыгуу базасын түзүү пландалган.

Количество просмотров: 195