• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Үгүт ишиндеги мушташ: Араван РИИБнин начальниги кызматтан алынды

21 Аяк оона 2020 10:45 Бишкек Govori.TV

Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин начальниги кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги С. Исмаилов жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды.

«Үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө кимде ким атайылап коомдук тартипти бузууга, мушташка, баш аламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз. Шайлоого байланышкан бардык иш-чараларды өткөрүү учурунда саясий партиялар, айрыкча эл менен жолугушуулардын графиги жана графиктен тышкары да жолугушуулар боюнча маалыматтарды коомдук тартипти сактоо укук коргоо органдарына билдириши керек. Ал эми Араван районунда катталган факт боюнча сотко чейин өндүрүш учурунда тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт жана ошондой эле күнөлүүлөр сөзсүз жазага тартылат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-сентябрында Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын Араван айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чогулгандардын арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 209