• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов Порьенин фондуна 100 миң доллар которду

19 Аяк оона 2019 9:50 Бишкек Govori.TV

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык мурунку атаандашы, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону Дастин Порьенин кайрымдуулук фондуна 100 миң доллар которду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ал эми Дастин Порье Хабибидин бул кадамына ыраазы экенин билдирген.

«Бул аябай жакшы иш, себеби көптөгөн адамдарга жардам бере алабыз. Анын бул жардамына ыраазымын. Ал футболканы кантип сатты билбейм, аукцион кылдыбы же бир эле адам ушунча сумманы бердиби өзү менен сүйлөшө албагандыктан аны биле албадым», — деген Порье.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье 7-8-сентябрга караган түнү болгон мушташтан кийин өздөрүнүн аттары жазылган футболкаларын алмашып кийишкен эле.

Анда Хабиб “мен билем сен бул футболкалар менен кайрымдуулук иш чарасын өткөрүп жатасың колумдан келишинче бул футболкалардын баарын сатып, түшкөн акчасын сага которуп берем”, — деген убадасын берген.

Белгилей кетсек ал беттеште Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону Дастин Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Количество просмотров: 498