Өлкөдө абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда өзүнүн бөлүмдөрү аркылуу коомдук тартипти жана коопсуздуктун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону улантат.
«Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу жана күч түзүмдөрүнүн, ыктыярдуу элдик кошуундардын көзөмөлүндө. Коменданттык сааттын аякташы менен шаарга кирип-чыгуу ачык, коомдук транспорт токтоосуз жүрүүдө. Талап-тоноочулук жана талкалоо фактылары катталган жок»,-деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын милициясы куралдуу күчтөрдүн жана ыктырдуу элдик кошуундар менен биргеликте шаардын жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун күнү-түнү камсыздап, шаардын аймагында коомдук тартипти камсыздашууда.