• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ИИМ жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет

29 Бирдин айы 2024 17:24 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, бомба тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет. Мындай жалган кабарлар кадимкидей тартипти жана турмуштун нормалдуу ыргагын бузуп, мекеме-уюмдардын ишин аксатып, жарандарды эвакуациялоону талап кылат.

«Мындай учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна чыныгы коркунучтун болушун алдын алууга багытталып, мүмкүн болуучу терс кесепеттерге жол бербөө максатында тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик кызматтарынын күчтөрүн жана каражаттарын түздөн-түз милдеттерин аткаруудан мажбурлап алаксытууга алып келет», — деп айтылат маалыматта.

Террордук акт жөнүндө атайылап жалган маалымат келип түшөрү менен ал жасалган кылмыш деп эсептелет. Көбүнчө мектептер, оюн-зоок жана соода борборлорунда бомба коюлду деп атайылап жалган билдирүү жасашат.

Мындай орунсуз тамашалар эркинен ажыратууга чейин алып келип, азабын өзү тартат.

Бул коомдук тартипке каршы кылмышка КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси «Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо» каралган.

Бул коомдук-коркунучтуу терс жосун, анткени мындай билдирүүнүн натыйжасында ар кандай мекемелердин иши үзгүлтүккө учурап, каражаттар эвакуацияга жана жок жардыруучу түзүлүштү издөө чараларына жумшалат.

Даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Теги:
Количество просмотров: 115