• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМдин отставкадагы полковниги каза болду

9 Баш оона 2020 12:45 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Жаныш Азизов каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаныш Азизов милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң.

Ал 1954-жылы Чүй облусунун Чүй районундагы Токмок шаарында туулган. Билими жогору. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Ички иштер органдарындагы кызматын 1983-1984-жылдары Кыргыз ССРнин ИИМдин саясий бөлүгүнүн инструктору, 1984-1986-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМдин Катчылыгынын инспектору, 1986-1993-жылдары Фрунзенин аткаруучу комитетинин ИИБдин Катчылыгынын башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми 1993-1998-жылдар ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 1998-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин жардамчысы, 1998-2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын, министрдин аппаратынын жетекчисинин орун басары, ошол эле убакта башчысы, 2001-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасын ИИМдин Катчылыгынын башчысы, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө отставкага (жаш курагынына байланыштуу) кеткен.

2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын (келишим боюнча) башчысы, 2017-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын башчысы (келишимдик негизде) башчысы кызматтарын аркалаган.

2019-жылдан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын башкы адиси болуп эмгектенип келген.

Количество просмотров: 223