• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМдин өздүк курамы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

23 Аяк оона 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кыргызстандыктарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. 


«Урматтуу мекендештер! Сиздерди кыргыз тилинин күнү менен, эне тил майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Биздин ата-бабалар кыргыз тилин өнүктүрүп өстүрүп дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосун жараткан деңгээлге жеткирип бизге мурас кылган. Эми биздин милдетибиз кыргыз тилин илимде да, техникада да, философияда да, саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп өнүктүрүп, өстүрүп келечек муунга жеткире алсак, келечек муундарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болот. Эмесе кымбаттуу кесиптештер, ардактуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен дагы бир ирет куттуктайбыз!»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 27