• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМдин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды

21 Тогуздун айы 2020 12:16 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжоев тааныштырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн башчысы Азамат Араев жаңы орун басарларды тааныштырды.

Аталган иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, министрликтин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Октябрь Урманбетов Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызмат ордунда 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январь айына чейин иштеген. Эркебек Аширходжоев ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы болгон.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген жана ИИМдин кадрлар карамагында болот.

Теги:
Количество просмотров: 335