• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Иса Өмүркулов: “Стабилдүүлүк партиянын кызыкчылыгынан жогору турушу керек”

20 Жалган куран 2019 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов КСДП фракциясы оппозицияга кете турганы тууралуу билдирүүгө комментарий берди.

Депутат белгилегендей, коалиция тараган учурда өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет, ал эми жаңы өкмөттү түзүү үчүн убакыт керек.

Фракция коалицияда калып иштейт. Фракциянын мүчөлөрү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы партиянын кызыкчылыгынан жогору турат» — деди Өмүркулов.

Буга чейин КСДП партиясы оппозицияга кете турганын билдирген. Мындан улам коомчулукта бийликте турган КСДПнын бир бөлүгү оппазицияда экинчиси бийликте болсо, кимге оппазиция болот?,-деген суроо жаралган. Буга фракциянын лидери мындайча жооп берди:

Количество просмотров: 24