• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Исмаилова: Кыргызстанда жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу боюнча ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

21 Чын куран 2020 17:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу боюнча ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

«Медицина талаптарга жооп берген ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу маселеси боюнча ишкерлер менен сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Учурда алардын бирдиктүү стандарттары иштелип чыгууда жана алар ишкерлерге берилет. Андан кийин алар жеке коргонуу каражаттарын тиге баштайт», — деди ал.

Количество просмотров: 44