Кыргызстанда паралменттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык тизме, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоочулар партияга жана анын катарындагы талапкерге да өзүнчө добуш берет.
Депутат Исмановдун пикиринде, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорунун күңгөйү менен тескейи бар.
«Менин жеке пикиримде, бир мандаттуу система менен парламентке чыныгы лидерлер менен татыктуулар келет. Ошол эле учурда колунда бар, капчыгы калыңдар дагы келиши мүмкүн. Биз буга чейин партиялык, мажоритардык шайлоо тутумун көрдүк. Эми аралаш системаны байкап көрөлү»,-деди Исманов.