• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Изделип жаткан 12 жаштагы кыз табылды

13 Жетинин айы 2020 17:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында дайынсыз изделип жаткан 12 жашар кыз табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылаыйык, милициянын кайгуул кызматкерлери А.С. аттуу кызды таап, жакындарына өткөрүп беришкен.

«Кечээ, 12-ноябрда саат 14:00 чамасында өспүрүм кыз Тунгуч кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Активдүү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бүгүн, 13-ноябрь күнү саат 16:30 чамасында, Тунгуч кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 336