• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Үйлөрдүн курулушуна уруксат документтерин мыйзамсыз даярдаган кызмат адамдарына иш козголду

10 Чын куран 2023 10:48 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди мыйзамсыз даярдап берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Бишкекбашкыархитектура”, “Кадастр” Бишкек филилалынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, шаар куруу жана жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерине атайылап жалган маалыматтарды жана кадастрдык пландарына мыйзамсыз өзгөртүү киргизишкендиги аныкталган.

Аталган кызмат адамдары “А.С” курулуш компаниясынын кызыкчылыктарын көздөп, Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна тийиштүү уруксат документтерди даярдап беришкен.

Натыйжада курулуштун тыгыздыгынын, жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын сапатынын ченемдик деңгээли камсыз кылынбай, шаар куруу ишин башкаруу жана контролдоо чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Количество просмотров: 243