• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: COVID-19дун жаңы учурлары азайды. Москвада мигрантты соккон адам кечирим сурады

13 Баш оона 2020 19:25 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Өлкөдө вирусту жуктургандардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 41 миң 69га жетти. Акыркы бир суткада 310 жаңы учуру катталып,3 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде кабарлады. Ошондой эле акыркы бир сутка ичинде 291 кыргызстандык илдеттен айыгып чыкты. Каратаевдин айтымында,коронавирус тастыкталган учурлар азайганы байкалууда.

СОКУЛУКТУН АКИМИНЕ СӨГҮШ БЕРИЛДИ

Чүй облусунун Сокулук районунун акими Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Өкмөттүн маалыматына караганда, Сокулук районунун акими COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү кармалганы үчүн сөгүш алды.


МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯНЫН МААЛЫМАТЫ

Пандемияга байланыштуу Мамлекетттик ипотекалык компаниянын пайыздык чендери төмөндөтүлдү. Компаниянын төрайымы Эльмира Абжапарованын айтымында, пайыздык чен 1%дуу пунктка азайтылган. Мындан тышкары, ал насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандар насыя алган банкка арыз менен кайрылып, төлөө мөөнөтүн узартса боло турганын кошумчалады.

БИР ПАРТИЯ ШАЙЛООГО КАТЫШУУДАН БАШ ТАРТТЫ

«Кыргызстан коммунисттер партиясы» парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, күн мурун БШКнын жыйынында партиянын билдирүүсү каралып, аны эске алуу менен чечим кабыл алынган.Анда “Кыргызстан коммунисттер партиясынын” ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылган.

МЕКЕНДЕШТЕРДИ КАЙТАРУУ УЛАНТЫЛУУДА

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 13-августта Санкт-Петербург—Бишкек багыты боюнча чартердик каттамды тосуп алышты. Бул каттам менен Россиядан 151 жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.
Республикалык ыкчаш штабдын маалыматы боюнча, борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандыктардын биргелешкен ыкчам штабынын алдындагы комиссия түзгөн.

РОССИЯЛЫК АЛЫП БАРУУЧУ МЕНЕН КЫРГЫЗ МИГРАНТТЫН ЧУУСУ

11 -августта орусиялык белгилүү теле алып баруучу Артур Цветков Москвадагы тез-татымдардын биринде иштеген кыргыз мигрантты сөгүп, кол көтөргөн. Чырдын чыгышына Артур Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып киргени себеп болгон. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, жыйынтыгында мушташа кетишкен. Ал эми Цветков бүгүн, 13-августта кыргызстандык мигранттан кечирим сурап, арызын кайтарып алууну убадалаган.

Количество просмотров: 204