ЖК ТУУНУ ӨЗГӨРТҮҮНҮ КОЛДОДУ
Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыккан.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.
Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.
Бул демилге коомчулукта катуу талаш жаратып, талкууга алынган. Ал эми Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранган.
Кошумчалай кетсек, бул арада Ала-Тоо аянтындагы желек бүгүн болгон катуу бороондон улам айрылып калган. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, айрылган желек ошол замат алмаштырылган.
КЕМПИР-АБАД ИШИ БОЮНЧА АЙЫПТАЛГАНДАР КАЙРЫЛУУ ЖАСАШТЫ
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар жана алардын жактоочулары бүгүн, 20-декабрда Биринчи май райондук сотунда президент Садыр Жапаровдун курултайда өздөрү тууралуу айткан сөзү боюнча билдирүү жасашты.
Адвокат Кантемир Турдалиев президентке туура эмес маалымат жеткирилген деп эсептейт.
16-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад ишин уюштурган башчысы бар экенин, ал чет өлкөнүн элчисинен акча алганы аныкталганын билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.
ЭКС-ДЕПУТАТТЫН УУЛУ КАРМАЛДЫ
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы 20-декабрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү 6-декабрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди адалдоо») менен айып тагылып, Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камалды.
«Шектүү Көлбаевдин ишмердиги кылмыштуу экенин билип туруп, өзүнүн атына катталган чопкуттуу «Лексус LX570″ автоунаасын Көлбаевге жана башка уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнө пайдаланууга берген. Шектүү Камчы Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгон, анын спорттук жана башка ищ-чараларын каржылап келген» деп жазылган маалыматта.
Коопсуздук кызматы иликтеп-тергөө учурунда Дубай шаарындагы «Бизнес Бэй» деп аталган тандамал аймакта кармалган жаранга таандык 24 батири бар экени аныкталганын, батирлердин жалпы баасы 4,5 млн долларга барабар экенин кошумчалады.
Учурда атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгы Көлбаевге таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу ишин улантып жатканы кабарланды.
Айрым маалымат каражаттары М. А. М. аттуу инициалдагы бул жаран — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Динара Исаеванын уулу — Азиз Мырзаев экенин жазып чыгышты.
САСЫК ТУМОО КҮЧӨДҮ
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен 20-декабрда билдиришти.
Маалыматка караганда, соңку бир аптада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 11 миң 575 адамга жетти. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 43,4 пайызга көп. Бирок өткөн жылдын ушул убактысына караганда төрт эсе аз экени маалыматта белгиленген.
Мунун адында Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына бейтаптардын агымын тескөө максатында 8 мобилдик госпитал орнотулганын кабарлаган.
Мекеме билдиргендей, акыркы күндөрү балдардын түрдүү оорусуна байланыштуу бейтапканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ооруканага жаткырылган. Калганы дарыгердин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.