• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кайгуул милициясы: Бишкекте 45 мас айдоочу кармалды

24 Бирдин айы 2020 22:46 Бишкек Govori.TV

22-23-февралда Бишкек шаарында айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, 45 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде
рейд учурунда 1203 эреже бузуу катталып,   унааны мас абалда башкарган 45 айдоочу кармалган.

«Айып короого 184 унаа киргизилип, алардын ичинен 49 унаа эвакуацияланды. Анын ичинде 11 айдоочу унаанын айнегин караңгылатып алган. Ал эми 54 айдоочу транспорт каражатын тиешелүү документи жок башкарып жүргөн»,-
деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 70