• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кактустун» журналистине күч колдонулду. Кол салган адам Бабановдун жансакчысы экени айтылды

11 Кулжа 2020 15:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда июнда Бишкектеги «Кайнар» ресторанынын алдынан “Kaktus.media” сайтынын кабарчысына карата күч колдонулду. Бул тууралуу аталган басылма жазды.

Маалыматка караганда, аталган ресторанда мындан эки ай мурда каза болгон Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулуп жаткан. Журналист келген кишилерди жана унааларды тартып жүргөн.

Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев окуяны түз эфирде чагылдырган. Анын айтымында, ага белгисиз адамдар тойкананын айланасында видео тартууга тыюу салып, мойнунан кыскан. Ал өзүнө кол салган адамды мурунку депутат Өмүрбек Бабановдун жан сакчысы болушу мүмкүн деп билдирди.

Ошол эле учурда жолдон өтүп бара жаткан Патрулдук милиция кызматы окуяга реакция кылган эмес. Кол салуу учурунда кайдыгер карап, жанынан өтүп кеткен милиция кызматкерлерине чара көрүлө турганын ИИМдин пресс-кызматкери Бакыт Сейитов 24.kg сайтына билдирген.

«Октябрь райондук Коопсуздук кызматынын кызматкерлери журналисттин жанынан өтүп кетишкен. ИИМ ич-ара иликтөө жүргүзүп жатат» , — деди Бакыт Сейитов.

Бул арада “Кайнар” ресторанына карантиндин эрежесин бузгандыгы үчүн айыппул салынып, аталган мекеме жабылганы белгилүү болду.

Опубликовано Kaktus Media Четверг, 11 июня 2020 г.
Количество просмотров: 901