Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев өз арызы менен президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу Исаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Парламенттин VI чакырылышынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу мен өзүмдүн президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес деп эсептейм», — деп жазган Исаев.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, президент тарабынан анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жаңы мамлекет башчы шайланганга чейин анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын Садыр Жапаров 15-октябрда кечинде митингдеги тарапташтарына билдирген. Демек премьер-министрлик кызматтан тышкары президенттин милдеттерин аткаруу укугу ага өтөт.