Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда «Кыргыз келечеги» коомдук бирикмеси уюштурган жыйында мурдагы депутат, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев билдирди.
«Өкмөттүн ыйгарым укуктары абдан чоң. Бүгүнкү күндө саясий кырдаалдын жаралышы ошол укуктарын аткара албай жатканынын азабы болуп жатат. Өкмөт элдин алдында лидер болуп жол көрсөткөндүн ордуна барымтада калгандай. Менин оюмча мындай маселелерге өлкө башчы өзү көнүл бурбаса, алдыда келе шаткан шайлоонун биринчи эле кадамы олдоксон болуп калды. Алсак, айрыкча каттоо маселеси»,-деп билдирди Каныбек Осмоналиев.