• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Катадан башы арылбаган министрлигик 

29 Жалган куран 2019 17:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.03.2019. Govori.TV.


Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” деген аталыштагы Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форумуна келген конокторду ката жазылган баннер менен тосуп алышкан.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева үн катып эки тамга үчүн маселе көтөрүү туура эместигин айтып өттү.

Ушул эле форумда ММУнун филиалын Кыргызстанда ачууну сунуштаган. ММУнун ректору М.Садовничий бул сунуш кыргыз тараптын жетинчи жолу жолу сунушталып жаткандыгын айтып уяткарган эле. Бул тууралуу илим жана билим берүү министри Г. Кудайбердиева мурунку алты талкуу башка учурда болгонун айтты.

Мындай ката министрликте биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Буга чейин мектептер үчүн окуу китептеринде ката кетип, аны министр басмакананын күнөөсү деп билдирген.

Аталган министрликтин кемчиликтеринин бирин төртүнчү класстары үчүн “Адеп” окуу китебиндеги каталар толуктаган. Бул үчүн да министр Кудайбердиева окуу куралындагы каталар 2007-жылы ал министр болгонго чейин басылып чыкканын айтып актанган жайы бар.

Буга чейин аталган министрликке карата окуу китептериндеги  орчундуу каталар коомчулуктун талкуусуна кабылып, тиешелүү министрликке карата ар кандай терс өңүттөгү сын-пикирлер айтылган.

Бул катада дагы министр өзүнүн жоопкерчилиги жок экендиги менен түшүндүргөн.

Билим берүү жана илим министрлигиндеги көйгөйлөрдүн катарын каталар толуктап,  учурда министр  актанаарын же мактанаарын билбей турган өңдөнөт.

Теги:
Количество просмотров: 9