• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолукту

19 Жетинин айы 2020 16:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-ноябрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Казакбаев тажикстандык кесиптешине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип өткөн.

“Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Министрлер Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында эки тараптуу маселелерди кароону жандандырууну макулдышты. Аталган комиссиянын кезектеги 17-отурумун 2021-жылы Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда”, — деп билдирет министрлик.

Ошондой эле Казакбаевдин сунушу менен, эки өлкөнүн министрлери Кыргызстан менен Тажикстандын Ишкер кеңешин түзүү, чек ара аймактарында биргелешкен ишканаларды ачуу маселелеринин үстүндө иш алып барууну макулдашкан.

Аны менен бирге Сироджиддин Мухриддин, транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн авиация мекемелеринин өкүлдөрүнүн онлайн форматтагы сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү сунуштаган.

“Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация процессин тездетүү максатында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишин улантуу керектиги белгиленди. Бул багытта чек ара аймактарында туруктуулукту камсыз кылуу, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу керектиги айтылды”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сүйлөшүнүн жүрүшүндө, Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу соодасынын көрсөткүчтөрү төмөн болгондугуна байланыштуу, көмүскө бизнес менен аткезчиликке бөгөт коюу керектиги белгиленген.

Казакбаевдин демилгеси менен иш сапар учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн актуалдуу болгон эки тараптуу маселелерди чечүү боюнча жол картаны иштеп чыгууну макулдашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин 2021-2022-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлган.

Количество просмотров: 68