• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Кеңешбек Дүйшөбаев эмне үчүн отставкага кеткенин айтты

27 Тогуздун айы 202011:49 Бишкек Govori.TV

Бардык бийлик бутактарында жоопкерчиликсиздик болуп жаткандыктан отставкага кеттим. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруу үчүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болууну суранган.

«Коопсуздук кеңешинде иштеген 1 жумада COVID-19, коррупция, криминал, укук коргоо органдарын, Куралдуу күчтөрдү, чек ара коопсуздугу, ИИМ, Каржы полициясы жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын кайра уюштуруу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишин мыктылоо темалары боюнча аналитикалык каттарды даярдадык. Бирок бат эле көңүлүбүз калып калды. Эч кандай карап көрүү, чечим чыгаруу жана кыймыл-аракет болгон жок»- деди Дүйшөбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан кетип, анын ордуна Рыскелди Мусаев дайындалганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 129