• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коменданттык саатта ок атылды

27 Жалган куран 2020 10:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги коменданттык саат учурунда эреже бузуп, милиция кызматкерлерине баш бербестен унаасы менен качкан жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта эртең мененки онлайн маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка караганда, аларга эскертүү иретинде асманга ок атылган.

«26-март күнү саат 20:30 чамасында Лев Толстой менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде турган блокпосттогу милиция кызматкерлери ак түстөсү «Тойота Виндом» автоунаасын токтоткон. Айдоочу документ көрсөтпөй качып, анын артынан кубалап, Ден Сяопин менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинде токтотушкан. Унаанын ичиндеги азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштар чамасындагы балдар мас абалда каршылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерлери табелдик тапанчасы менен эскертүү иретинде асманга 2 жолу ок чыгаргандан кийин баш ийип кармалган. Колго түшкөндөр Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталып, Ленин РИИБде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 335-берене (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) менен катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат», — деди А.Орозалиев.

Количество просмотров: 9557