• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дүйшөбаев камакта калды

15 Бирдин айы 2023 18:16 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев эки айга камакта калды. Бул тууралуу бүгүн белгилүү болду.

«Биздин кылмыш иште эч кандай мамлекеттик сыр жок. Болгону биздин укугубуз тебеленип жатканын жалпыга маалымдоо каражаттары, эл, коом көрбөш керек. Сыртыбыздан тон бычуу болуп жатат «,-деди Дүйшөбаев.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 15-февралдагы токтомуна ылайык, Рита Карасартовага карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-апрель күнүнө чейин узартылды.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 159