Кыргызстанда жакынкы күндөргө белгиленген бардык маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, коронавирусту алды алуу максатында Бишкекте жылдагыдай Нооруз майрамы уюштурлбайт.
«Элди чогулта турган иш-чараларды токтотуп жатабыз. Эл аралык аялдар күнү жана ири спорттук мелдештер дагы токтотулду. Ошондой эле, Нооруз майрамы дагы уюштурулбайт»,-деп билдирген вице-премьер-министр.
9-мартка карата Кытайда коронавирус менен жалпысынан 80 миң 735 адам жабыркаса, 3 миң 107 адам каза болду. Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 109 миң 965 адам жабыркап жатса, каза болгондор 3 миң 824кө жетти. Ал эми айыккандардын саны 61 миң 941 адамды түзөт.