• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Коронавирус ушул жактан жугат да». Автобуска тыгылган жарандардын видеосу тарады

3 Теке 2020 21:15 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда №42 автобуска элдер жык түшүп жаткан видео тарады. Бул тууралуу күбөлөр тартып алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мындай көрүнүш Бишкек шаарында катталган. Өлкөдө коронавирус күчөп жаткан мезгилде айдоочу жүргүнчүлөрдү эрежесиз жүктөп, ал эми жүргүнчүлөр коопсуздукту сактабай коомдук транспортко түшүп жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жаткандыктан, мэрия коомдук транспорттун ишине чектөө киргизген. Жаңы графикке ылайык, коомдук транспорттор саат 7:00-10:00 аралыгында иштеп, саат 10:00-17:00 аралыгында тыныгуу болот. Кайра кечки саат 17:00-21:00 чейин каттай баштайт. Ал эми эс алуу күндөрү такыр иштебей турганы кабарланган.

Количество просмотров: 119