Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV
Учкуч кош бойлуу жубайын өлтүрөм деп самолётту өз үйүнө кулатып өзү көз жумду. Жардыруунун видеосу тасмага түшүп калып интернет булактарына тарап кеткен. Бул тууралуу The Citizen порталы кабралады.
Маалыматка ылайык, жубайлар төрөлө турган баласынын урматына уюштурулган кечеде урушуп кетишкен. Коноктор да жигиттин орой мамилесине чыдабай анын кетип калуусун талап кылышкан.
Ызаланган жигит бир аз убакыттан кийин досуна чалып аялы кайсыл жакта экенин сураган. Досу бир жамандык болоорун сезип үйдөгү коноктордун сыртка чыгуусун суранган. Бир аз убакыттан кийин учкуч самалётту катуу ылдамдыкта айдап келип өз үйүнүн үстүнө кулаган.
Натыйжада кош бойлуу жубайын өлтурүүнү каалаган учкуч өзү кырсык болгон жерден көз жумган. Ал жубайы калган коноктор менен өз учурунда үйдөн чыгып кетүүгө жетишишкен. Өрттүн жана жардыруунун кесепетинен улам үй өрттөнүп кеткен жана 11 авто унаага залака келтирилген.
Булак: «Барометр»