• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Курсан Асанов: Мен Кой-Ташта кылган иш-аракетим менен сыймыктанам

28 Бирдин айы 2020 18:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Соттук отурумга бул иш боюнча жабырлануучу мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков келди. Ал «Чындык» басылмасынын редактору Турсунбек Бейшенбековго карата арыз жазган.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары  Курсан Асанов журналисттердин айрым суроолоруна жооп берип, ушуга чейин кылган иши менен сыймыктана турганын билдирди.

«Мен 7-августта милиция кызматкерлерин өлүмгө түрткүм келген жок. Себеби Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барганда, ал жакта канча адам куралчан турду. Ал жерде Альфанын куралдары бар болчу. Мына элиме кызмат кылам деген Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкулов эмне болду. Эми анын ден соолугуна ким жооп берет? Же Кашкар Астакановичпи? Мен ошондон улам тынч жол менен ишти бүтүрөйүн дегем. Ал эми 8-августта Атамбаевдин үйүнө жалгыз кирген жокмун. ИИМдин кызматкерлери жакшы иштеди. Бирок мен жетекчиликтин берген буйругун колдогон жокмун. Себеби мага элимдин тынчтыгы керек болчу. Ошондой эле башка адамдардын бул учурда бизди пайдаланып кетишин каалаган жокмун. Мен ошондо Алмазбек Атамбаевге барып, аны сүйлөшүү жолу менен алып чыктым. Ал тынч жол менен колго түштү. Мен жогору жактан буйрукту күткөн эмесмин. Эми мени милициянын кызыкчылыгын сатты деп жатышат. Мен эч качан саткан да эмесмин жана сатпайм дагы. Мен кылган ишим менен сыймыктанам», — деди Асанов.

https://youtu.be/AjiDwALhYl4


Количество просмотров: 69