• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыдыралиев: Парламент жаңы Конституциянын негизинде 300дөй мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизет

21 Чын куран 2021 17:08 Бишкек Govori.TV

Парламент жаңы Конституциянын негизинде 300дөй мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

«Референдум өттү. Кыргызстандыктар 79% менен жаңы Баш мыйзамды колдоп беришти. Эми Конституция жөнүндө мыйзамга мамлекет башчы кол коет. “Эркин Тоо” гезитине расмий жарыялангандан кийин жаңы Конституция Кыргызстанда иштей баштайт. Анын негизинде Жогорку Кеңеш 300дөй мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизет»,-деди депутат.

Эске салсак, 2021-жылы 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум өттү. Референдумга шайлоочулардын катышуусу 36,25% түздү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын шайлоочулардын 79,24% катышкан (1 миллиондон ашык адам) Президенттин ыйгарым укуктарын бекемдөөгө багытталган жаңы конституциянын долбоорун кабыл алуу үчүн добуш беришкен.

Количество просмотров: 94