• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери жолугуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөштү

24 Теке 2019 8:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бийлик өкүлдөрү эки тараптын ортосунда чыккан чатакты биргелешип иликтөө боюнча чечимге келишти. Андан тышкары, чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашты.

Учурда эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жаткандыгы айтылды.

Эске салсак, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен.

Количество просмотров: 15