• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Үмүт Култаева: «Султан сөөгүн кордобойт»…

27 Жалган куран 2019 14:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV

Бабановдун сөздөрүнө экспертиза жүргүзүүгө катышкан филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева улут аралык кастыкты козутуу жана бийликти басып алууга үндөө болбогонун айтты.

Ал “Тарых кечирбейт, кекчил болот. Качандыр бир кезде өчүн алат”,-деди.

Мындан сырткары Ал кезде Бабанов тууралуу эч ким жакшы ой айтууну каалабай турган кезде, акыйкаттык үчүн «Султан сөөгүн кордобойт» кыргыздын улуу сөзүн туу тутуп, кыргыздын өсүп кеткен уулунун тагдырын саясат аркылуу талкалоого каршы туруп, өздөрүнүн кызыкчылыгын артка коюп, ушул кадамга барганын айтып берди.

Кошумчалай кетсек, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылдагы президенттик шайлоо учурундагы үгүт өнөктүгүндө Оштогу Онадыр айылында  эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. Бүгүнкү күндө анын жактоочулары жакында келет деп ишендирип жатышат.

Теги:
Количество просмотров: 32