• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Матраимов «Factcheck.kgнин» декларация боюнча иликтөөсүнө жооп берди

13 Үчтүн айы 2020 18:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жубайынын бизнеси бар, бирок депутаттын 2018-жылы берген декларациясында ал тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу Factcheck.kg сайты жазган. Ал эми ЖК депутаты бул тууралуу түшүндүрмө берип өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

«Мен декларацияларды толтурууга абдан олуттуу көңүл бурам жана дайыма баардык кирешелеримди көргөзүп келем. Андыктан журналисттердин жазгандары чындыкка туура келбей турганын билдирем жана ага төмөндөгүдөй түшүндүрмө берем:

-«Автостолица» ЖЧКсы — бул жакта жубайымдын 50% үлүшү бар. Алардын акциялары декларацияда: “Башка мүлк. Акциялар” деген бөлүмдө жазылган. Журналисттер бир нерсе айтуудан мурда, айткан сөздөрүн текшерүүсүн суранам.

-«Ош-Плаза» ЖЧКсы 2017-жылы катталган. Тилекке каршы ал активдүү иш алып бара албагандыгына байланыштуу бир жыл мурда аны жабуу боюнча салык органдарына кат жөнөтүлүп, ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча процесс жүрүп жатат.

-«Пальма жана К» ЖЧКсын менин жубайым 2007-жылы ачып, кийин 2012-жылы ишмердүүлүгүн токтоткон. Азыр биз Юстиция министрлигинин он-лайн базасын карап чыксак, ал жакта эски маалыматтар жазылып туруптур. Ошондуктан журналисттерди интернеттен алган маалыматтарды коомчулукка чыгарардан мурда тактап алышын суранат элем. Маалыматты бир жактуу кылып, мага дагы кайрылып тактабай туруп жарыялашкан», — деп жазган депутат.

Эске салсак, Factcheck.kg сайтынын иликтөөсүнү ылайык, Минавар Жумаева -бир канча компаниянын кош негиздөөчүсү. Буга ачык булактар күбө. Аларды депутаттын декларациясы менен салыштырганда, компаниялар тууралуу сөз болбогону көрүнүп турат.
2015-жылы Искендер Матраимов мүлкү жана кирешелери тууралуу отчетун тапшырган. Анын иштеп тапкан кирешеси 367,3 миң сомду түзгөн. Анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жоктугуна байланыштуу жазылган эмес.
2016-жылы депутат үчүн бир аз жакшы жыл болгон. Декларациясына ылайык, ал 843,5 миң сом иштеп тапкан. Бирок анын мүлкү жок болгондуктан, дагы көрсөтүлгөн эмес.
2017-жылы Искендер Матраимовдун жылдык кирешеси 747 миң сомду түзгөн. Ал 150 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасын, 290 миң сомдук эмерегин, 140 миң сомдук фото, аудио жана компьютердик техникаларын көрсөткөн.
2018-жылы Искендер Матраимовдун кирешеши дээрлик 901,4 миң сомго жеткен. Бул жылы депутаттын декларациясына 82,4 чарчы метрлик турак үйү, 214 чарчы метр айыл чарбасына мүнөздүү жер аянты кошулган.

Количество просмотров: 109