Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлөк медицина борборунда коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчүрүлүп, натыйжада «Спутник V» вакцинасынын бир нече дозасы жараксыз абалга келген окуя бир ай мурун болгон. Бул тууралуу Govori.TV агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, бузулган дозалар алынып, ал эч жакта колдонулган эмес.
«Бул окуя бир ай мурун болуптур. Мага да бул жөнүндө азыр гана белгилүү болду. Менин иштеп жатканыма 1 апта гана болду да. Ага чейин барганда муздаткычтардын абалы жакшы эле болчу. Азыр баардык документтерди көтөрүп чыгып, ошол эле Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан, Саламаттык сактоо министрлигинен окуя бир ай мурун болгонун билдик. Баардык жабыркаган вакцинанын дозалары алып чыгарылган, ал башка бирөөлөргө берилүүсү же андан ары колдонулуусу мүмкүн деген маселе болбойт», — дейт ал.
Мозгачева кошумчалагандай, Бишкек шаарына жалпы жонунан «Спутник V» вакцинасынын 6800 дозасы бөлүнгөн.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлөк медицина борборунда коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчүрүлүп, натыйжада 930 доза вакцина жараксыз болушу мүмкүн экендиги айтылган.
Маалыматты тактоо иретинде Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаиловага байланышканыбызда ал аталган маалымат боюнча кабары жок экенин айткан.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчкөнү тууралуу маалыматты ырастап, бузулган дозалар «Спутник V» вакцинасы болгонун билдирген.
Ишенапысова кошумчалагандай, учурда бул маалымат иликтенип, комиссия дагы түзүлгөн.