• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо жана көзөмөл органдарын сынга алды

19 Жетинин айы 2019 10:35 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо боюнча чараларды активдештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде бизнести өнүктүрүү жана ишкерлердин укугун коргоо чаралары талкууланды, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмү.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бизнести коргоо боюнча иштин учурдагы механизми жаңы чакырыктарга жооп бербей турганы ачык көрүнүүдө.

Коомдун эң прогрессивдүү бөлүгү деп эсептелген бизнес-коомчулук коргоого алынганын сезбей жатат жана укук бузуулардын тобокелчилигине көп кабылууда. Бул өлкөнүн инвестициялык климатына жана экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет. Бизнести коргоо маселеси Өкмөттүн ишинде кызыл менен белгиленип, ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат. Бизде ишкерликти колдоого байланыштуу маселени талкуулабай жана чечимдерди кабыл албай койгон учур болгон эмес. Биз бардык билдирүүлөргө жана бизнес-коомчулук үн кайрылууларын алып ыкчам реакция жасоого аракет кылабыз. Бул чөйрөдөгү маанилүү чечимдерди биргеликте турмушка ашырып келебиз. Бирок учурдагы механизмдердин кемчиликтеринен улам, кырдаал анализди жана чечкиндүү чараларды талап кылууда», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бизнести текшерүүгө карата жарыяланган мораторий жана башка демилгелердин натыйжасында өлкөдө бул маселе боюнча көзгө көрүнөрлүк жылыш бар экенин өзгөчө белгиледи. Бирок айрым укук коргоо органдарынын аракеттери чараларды күчөтүү жана иш принциптерди кайра карап чыгуунун зарыл экенин айгинелеп турарын кошумчалады.

Өкмөт башчы бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу жана ишкерликти эркин жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү боюнча өзүнө милдеттендирилген тапшырмалардын аткарылышына байланыштуу укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын дарегине сын айтты.

«Бизнес өзүн кандай сезүүдө, социалдык тапшырмалар жана социалдык милдеттенмелерди дээрлик сапаттуу аткаруу үчүн мамлекеттин кирешеси сындуу маселелер дал ушул укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын канчалык натыйжалуу иштегенине байланыштуу. Ошол эле учурда ушул эле күч түзүмдөрүнүн социалдык маселелери чечилүүдө. Тилекке каршы, бизге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка көлөкө түшүрүп жатканы тууралуу билдирүүлөр келүүдө. Алар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен Президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн максаттарына жетүүнү кайсы бир деңгээлде жымсалдоодо. Укук коргоо органдары ишмердүүлүгүнө терең анализ жүргүзүү, тобокелчиликтерди аныктоо жана өз катарынан коррупциялашкандардан тазалануусу керек», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо үчүн укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилерине экономика тармагындагы бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн иш аракеттерине толугу менен айкалышкан жаңы чакырыктарга натыйжалуу жооп бере турган механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 75