• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мурдагы башкы прокурор Салянова Болот Темировдун кармалышы боюнча үн катты

22 Үчтүн айы 2022 23:57 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай көрүнүштү президент Садыр Жапаров жеке өзү токтотуп, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылыш керек.

«Наркотик менен алектенген адам эч качан темирдей эркти талап кылган, жогорку денгээлдеги интеллектуалдык изденүүнү талап кылган ишти аткара албайт. Саясий курч берүүлөрдү даярдаган адам жеңил желпи болбойт, ал өзүнө-өзү душман эмес. Коомчулуктун көңүлүнүн борборунда турган Болот Темировго ушундай мамиле болсо, карапайым эл кайда барат? Бул вакханалияны Садыр Жапаров жеке өзү токтотуп, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылып, бийликтин аброюн сактап калса болот»,-деп жазды Салянова.

Белгилей кетсек, бүгүн кечки саат 19:15тер чамасында Temirov LIVE каналынын кеңсесине беткап кийген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирип келген. Алар тинтүү жүргүзүп, иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти.

Количество просмотров: 19539