Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөк оорусу кармап, Бишкектеги клиникалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg сайты өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Космосбек Чолпонбаев инфарктка кабылган. Ошондой эле ооруканада дарыгерлер ага пневмония диагнозун коюшкан.
Эске салсак, коррупциялык фактыларга байланыштуу Чолпонбаев буга чейин суракка чакырылган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.