• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарынга жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат

4 Баш оона 2020 16:52 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында Өкмөт тарабынан берилген 6 пайыздык жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат. Учурда ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жакын аймактан жер аянты сатылып алынып, курулушту баштоо жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Курула турган медициналык борбор 3 кабаттан туруп, дартты аныктоочу лабораториялар, жабдуулар коюлат. Дарыгерлердин бөлмөлөрүнөн сырткары бейтаптарды жаткырып дарылоочу 24 орундуу заманбап медициналык жай болот.

«Борбордун жалпы сметалык баасы 37 миллион сомду түзүп, 17,5 миллион сому мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя катары 2019-жылдын декабрь айында каржыланган»,-деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, медициналык борбордун курулушу, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Нарын облусунда 72 миллион сомго каржылана турган 20 долбоордун ичине кирет.

Количество просмотров: 43