• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК Көлбаевди кармап кайра коё берди. Кыргыз-өзбек келишимин жокко чыгарса болобу?

18 Жетинин айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК КЕЛИШИМИН ЖОККО ЧЫГАРУУ ТАЛАБЫ

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоону жокко чыгаруу үчүн эл аралык сотко кайрылышат. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Жээнбеков жогорудагы эл аралык келишимди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар деген пикирин белгиледи. Белгилей кетсек, “Кемпир-Абад” ишине байланыштуу кармалгандардын арасында саясатчы Равшан Жээнбеков да бар. Ички иштер министрлиги “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Анын алкагында “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү — 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Ал эми кечээ, 17-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселе каралган. Депутаттарды кызыл чеке кылып, талаштырган парламент жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасынын айрым тилкелерин тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору ратификациядан өткөн. Мыйзам долбооруна 65 депутат макул 18 депутат каршы добуш берди. Белгилей кетсек, мызам долбоорлору бүгүн 3 окууда тең бирдей кабыл алынды.

КӨЛБАЕВ КАРМАЛДЫ

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан “кримтөбөл” атыккан Камчы Көлбаев (ред: Камчы Асанбек) жана ага жакын санаалаш 10 киши кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталган. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында сегиз даана ок атуучу курал табылып алынган.
Камчы Көлбөаев жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракетинде Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу” беренеси бар экени аныкталган. Ушул тапта тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат кошумчалагандай, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайра коё берилген.
УКМК Көлбаевди 2020-жылы Бишкекте кармаган. Аны колго түшүрүү учурунда атайын техника колдонулуп, кармоо операциясынын видеосу коомчулукка жарыяланган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. Бишкек шаардык соту 2021-жылдын 2-мартында аны эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен аны абактан бошоткон.

ЖАПЫКЕЕВ САЯСАТТАН КЕТТИБИ?

Жоюлган Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жаңы пост жазып, 2016-жылдагы видеосун бөлүштү.
«Ушул эле күндөр жакшы экен, көп нерсе менен жумушум жок. Балык уулоо, саякат. Саясатты саясатчыларга бердик. Буюрса саякатты улантабыз. Саясатчы деле боло алган жокпуз, бизде саясатчы болуш кыйын, баш оору экен», — деп жазды ал.

Бегилей кетсек, Сыймык Жапыкеев октябрь окуясынан кийин, тагыраагы 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финполиция) төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын март айынын башында ал Финполициянын жоюлуусуна байланыштуу кызматтан кеткен.
Кийин Жапыкеевге финполдун генерал-майору наамы берилген.

АКЧА АЛМАШТЫРУУЧУ ЖАЙЛАРГА АЙЫП

Улуттук банк 2022-жылдын башынан бери коммерциялык банктарда 131 текшерүү жүргүзүп, анын натыйжасында мыйзамдарга ылайык чараларды көргөн.Мындан тышкары, 120 алмашуу бюролоруна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруучу жактарга 54 инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 30 жазма буйрук жөнөтүлгөн, 34 ирет алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулган, 1 алмаштыруу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. Мындан тышкары, 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон жана 39 жеке жакка 17,5 миң сомдон айып пул салынган. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жактардын алып-сатарлык аракеттерине жол бербөө максатында, укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар кошумча жүргүзүлүп турат.

МАССАЛЫК МУШТАШ

Талас шаарында соода борбордо орун алган чыр массалык мушташка айланды. Мушташтын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, милицияга 13-ноябрда болжол менен түнкү саат 00:40та Оторбаев көчөсүндө жайгашкан соода борбордо мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыккан. Анда соода борборго келген бир нече жарандар пикир келишпестен урушуп кеткендиги аныкталган. Видео тасмадагы жети баланы милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.
Алдын ала текшерүү учурунда алардын ​мас абалда экендиги аныкталган. Бирок, окуяга катышкан жарандардын бардыгы ​жана соода борбордун администрациясы ​арыз жазуудан баш тартышкан. Аталган факты боюнча административдик чаралар көрүлөрү айтылды.

Количество просмотров: 485