• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешинин расмий постери жарыяланды

21 Бирдин айы 2020 12:17 Бишкек Govori.TV

UFC уюму россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттешинин расмий постерин жарыялады. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Эки мушкердин беттеши UFC 249 мелдешинин алкагында 18-апрелде АКШнын Бруклин жеринде өтөт.

Нурмагомедов акыркы беттешинде америкалык Дастин Порьени жеңип, өзүнүн чемпиондук курун коргоп калган. Россиялык мушкер карьерасында 28 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.

Ал эми Фергюсон 28 беттешинде үч жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Количество просмотров: 263