• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты

2 Теке 2020 17:36 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин коронавируска карата кайталап тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Айдос Укибай кабарлады.

Айдос Укибай билдиргендей, дарыгерлердин кеңешименен Нурсултан Назарбаев обочолонуу режимин улантууда.

«Эл башы дистанциялык негизде иштеп, таза абада сейилдөөгө көбүрөөк көңүл буруп жатат», — деп жазган маалымат катчы.

Эске салсак, 79 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин 18-июнда коронавирус илдетин жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ұ

Количество просмотров: 229