• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нышанов: Венециялык комиссиянын корутундусун эске алуу керек

24 Жалган куран 2021 18:36 Бишкек Govori.TV

Венециялык комиссиянын корутундусун эске алуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, аталган комиссиянын корутундусун бир мезгилде гана эске албай койсо болот.

«Эгерде биз тоталитардык өтө бай мамлекет болсок, Венециялык комиссиянын корутундусун эске албай койсок болот. Бирок бизге окшоп экономикасы аксап турган өлкөлөр алардын пикирин угуп, көңүл бурушубуз керек»,-деди Нышанов.

Эске салсак, буга чейин Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен бирге Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялаган. Венеция комиссиясынын расмий интернет барагына жайгаштырылган документ 41 барактан турат. Ал жерде жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамда каралган президенттин, өкмөт башчынын жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына анализ берилип, айрым жоболор бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтире турганы жазылган.

Количество просмотров: 101