• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нышанов: “Жоогазын ыңкылабынын” жыйынтыгы элге эч нерсе алып келген жок

24 Жалган куран 2021 18:24 Бишкек Govori.TV

“Жоогазын ыңкылабынын” жыйынтыгы элге эч нерсе алып келген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

«Ошол мезгилдеги революциянын жыйынтыгы элге эч нерсе алып келген жок. Козголгон маселелердин көбү чечилбей, 2010-жылдагы ыңкылапка алып келди. 90го жакын жигиттерибиз каза болуп, 1500 адам жаракат алды. Чоң жоготууга алып келди. Тарыхта мындай көрүнүш болбошу керек. Бүгүнкү күндө элде «бийликке иштеген адам келиши керек» деген түшүнүк пайда болду. Мисалы, 70-80-жылдары жетекчилер келгени менен иштеген эмес. Азыр 1 жыл аралыгында талап кыла башташты. Мамлекет башчыбы, эл өкүлүбү, аким болобу аларды критикалоо боюнча эл алдыга чыкты. Коом үчүн иштебесең, эл сени сөзсүз колуңан жетелеп көчөгө чыгарып коет»,-деди Нышанов.

Белгилей кетсек, «Жоогазын ыңкылабы» деген аталыш менен тарыхка кирген 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга бүгүн 16 жыл болду. 

Количество просмотров: 97