Эртеңден баштап саат 20:00дөн тарта такси кызматы, коомдук транспорт токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өлкө аймагына киргизиле турган өзгөчө абал режими тууралуу онлайн брифинг учурунда билдиришти.
«Тыюу салынган учурда көчөдө жүрүп, өздүгү аныкталбагандар, жанында документтери жоктор убактылуу кармоочу жайга алынат», — деди Орозалиев.