• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орус Улуттук драма театры оңдолот

28 Жетинин айы 2019 14:00 Бишкек Govori.TV

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн долбоордун сметасы даярдалып бүтүп, ремонт иштери башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

«Азыркы тапта адистер театрдын азыркы абалы жана анын алгачкы турпатын карап туруп оңдоо иштери боюнча чечим кабыл алышат. Театр кызматкерлерине керектүү шартты түзүп берүү маселеси каралып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Ч. Айтматов атындагы Орус Улуттук драма театры – 1935-жылы Фрунзе шаарында ачылган. Труппанын негизин Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөр институтунун бүтүрүүчүлөрү түзгөн. 1939жылдан 2008-жылга чейин Н. К. Крупскаянын ысмында болуп, 2008-жылы белгилүү залкар жазуучу Ч. Айтматовдун ысмы берилген.

Количество просмотров: 124