• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ош облусуна Жарасул Абдураимов жетекчи болду

19 Тогуздун айы 2020 10:43 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылган.

Буга чейин облусту Байыш Юсупов жетектеп келген.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдө туулган. Буга чейин ал ишкер, «Ишеним» партиясынын Саясий кеңешинин төрагасы, Нанотехнологиялар институтунун башчысы, футзал федерациясынын президенти болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 72