Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин көзү тирүү болгондо Бишкекти анын ысымына өзгөртүү демилгесин колдомок эмес. Бул тууралуу мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев билдирди.
Жаш болсок да Турдакун Усубалиевичти көрүп калдык. Ал киши абдан карапайым көз караштагы жөнөкөй адам болчу. Себеби коммунистик партиянын идеологиясы ушундай эле. Өзүнүн көзү тирүү болгондо мындай демилгелерге каршы болмок. Ошондуктан бул демилгени эмоция катары эле кабыл алыш керек. Ал адам тарыхтагы эң көрүнүктүү адам катары кала берет,-деп билдирди мурдагы эл өкүлү Каныбек Осмоналиев.