• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Пневмониядан улам тергөөчүлөр Төрөкулов жана Кожобеков каза болду

13 Теке 2020 14:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда эки тараптуу пневмониядан улам эки тергөөчү каза болду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык тергөөнүн ага тергөөчүсү Эрмек Төрөкулов 50 жашында, жана Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө иш-аракеттерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Рустам Кожобеков 48 жашында дүйнө салды.

«Каза болгон эки кызматкер өз кесиптерин мыкты билген кесипкөй инсандар болчу. Эрмек Төрөкулов — 1996-жылдан тартып тергөө органында эмгектенип келди, ал эми Рустам Кожобеков — 2005-жылдан тартып иштеп баштаган. Алар бир нече жолу мекеменин сыйлыктарына татып келишкен. Башкы прокуратура алардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп билдирди башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 431