• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы үч талапкер БШКга арыз берди

13 Жетинин айы 2020 15:14 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы 3 талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, шайлоого катышуу ниети менен БШКга кайрылгандардын бири-Романов Бакыт Асылбекович. Ал 1980-жылы төрөлгөн. Убактылуу иштебейт.

Ошондой эле БШКга “Дербиш” фондунун директору Базаркулов Куттуумидин Дербишалиевич арыз тапшырган. Ал 1968-жылы 23-апрелде төрөлгөн.

Ал эми үчүнчү талапкер Зарипова Анар Аскарбековна. Ал 1966-жылы 3-февралда төрөлгөн, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы болот.

Буга чейин БШКга арыз тапшырган талапкерлер:

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстан Алай — активист;
6. Мыктыбек Арстанбек – «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17.Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
19. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
22. Жамбылбек Камчиев – куудул.
23. Арсланбек Малиев Касымакунович — Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.

Количество просмотров: 88