• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Прокуратура: Бишкектеги №5 бала бакчанын жетекчиси ата-энелер чогулткан акчаны менчиктеп алган

20 Бирдин айы 2020 9:41 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук прокуратурасы Бишкектеги №5 бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячылары ата-энелер чогулткан акчаны менчиктеп алышканын аныктады.

2017-2019-жылы коротулган акчанын жалпы суммасы 396,7 миң сом. Мындан тышкары 156,4 миң сом мыйзамсыз түрдө айлык акы катары бала бакча директорунун эжесине төлөнүп берилген.

«Эжеси кароолчу катары ишке мыйзамсыз кабыл алынган. Андан кийин тарбиячынын жардамчысы, аягында окутуучу болуп катталган. Бирок бала бакчанын эмгек жамааты ал бир да күн иштебегенин айтышууда» деп айтылган прокуратуранын маалыматында.

Бала бакчага 23 бала электрондук кезексиз жана башка тиешелүү каттоосуз кабыл алынган. Ата-энелер алардын бала бакчага барган акысын тарбиячылар аркылуу накталай төлөп турушкан. Ал акчалар райондук агартуу борборуна которулбай, бакча директорунун чөнтөгүнө түшүп турган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, бала бакчанын жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, 553,1 миң сом жыйнаган. Бул акчанын бир бөлүгү ата-энелерден мыйзамсыз чогултулган, бир бөлүгү бакчага бала киргенде төлөнүүчү акчалар болгон.

Биринчи Май райондук прокуратурасы бул ишти 11-февралда бирдиктүү реестрге каттап, Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан пайдалануу») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Бишкектеги №5 бала бакчанын жетекчилигинин үстүнөн ата-энелер бир нече жолу даттанышкан. Алар бакчанын директору балдарга арналган азык-түлүк уурдалып, чогулган акчалар максатсыз сарпталып жатат деп нааразы болушкан. Бул маселе буга чейин Бишкек шаар кеңешинде да каралган.

Количество просмотров: 151