• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Прокуратура «Kloop» басылмасын жоюуну талап кылууда

28 Баш оона 2023 13:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы «Kloop» басылмасын жоюу талабы менен сотко кайрылган. Бул тууралуу Октябрь райондук сотуна жазылган Бишкек шаардык прокуртуарсынын арызында айтылат.

«УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан «Клооп Медиа» коомдук фондуна карата жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Kloop.kg доменине ээ болгон интернет-портал 2006-жылы Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн «Клооп Медиа» коомдук фондундагы иш алып барган, ал эми сайтта жана социалдык тармактарда жарыяланган материалдар азыркы бийликтин учурдагы саясатын кескин сынга алууга багытталган. Анын үстүнө, басылмалардын көбү мамлекеттик жана муниципалдык бийлик өкүлдөрүн каралоого багытталган жалаң негативдүү кабарлар», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 66